Асылбек Жээнбеков депутаттарды суроо берүүнүн маданиятын үйрөнүүгө чакырды
Спикер Асылбек Жээнбеков парламенттин 25-сентябрдагы жыйынында өкмөттүн Жогорку Кеңештин токтомдорунун аткарылышы тууралуу маалыматын угууда депутаттарды суроо берүүнүн маданиятын үйрөнүүгө чакырды. Айтымында, айрым чет мамлекеттерде депутаттардын суроо бериши үчүн 1 мүнөт гана убакыт берилет.
“Мен бир топ эле мамлекеттердин парламентинде болдум, аларда өкмөткө берчү суроосун бир күн мурун даярдашат экен. А бизде трибунага чыгып алып ойлонобуз. Суроо берүүнүн маданиятын үйрөнөлү. Мына азыр өкмөткө суроо-талаптарыңыздарды айтып калыңыздар, башка күнү "суроом бар эле" деп кайрылбаңыздар”,- деди Жээнбеков.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















