super.kg logo
  Саясат  

Мурда оор кылмышы үчүн соттолгондордун талапкер катары шайлоолорго катышуусу чектелет

 

Бүгүн, 25-сентябрда Жогорку Кеңеште айрым талапкерлердин шайлоого катышуусуна чектөө коюу максатында депутаттар тобу тарабынан иштелип чыккан мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды.  

Демилгечилердин бири Исмаил Исаковдун айтымында, соттолгондугу жоюлган же алынып салынгандыгына карабастан жана башка өлкөнүн жарандыгы бар, оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн соттолгон адамдар президенттикке, Жогорку Кеңештин депутаттыгына, жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына, шаарлардын мэрине, айыл өкмөтүнүн башчысына шайланууга жана райондун акимдигине дайындалууга укуктуу эместиги, ал эми жогорку билими бар Кыргызстандын ишке жарамдуу жараны шайлана ала тургандыгы тууралуу жобо сунушталууда.

Ошондой эле саясий кызмат орундарынын жана жогорку административдик кызмат орундарынын жетекчилери, мамлекеттик кызматка теңдештирилген айрым кызматкерлердин жашыруун маалымат алууга мүмкүнчүлүгүнүн бар экендигин эске алуу керек. Андыктан кызматкерлердин жашыруун деп эсептелген маалыматтарды алууга мүмкүнчүлүктөрү бар. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматка байланышкан чектөөлөр да ошол себептүү киргизилген, ага ылайык, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерге жергиликтүү кеңештин депутаттыгына шайланууга тыюу салынат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: