super.kg logo
  Саясат  

Кыргызстан менен Америка Кошмо Штаттарынын ортосундагы инвестициялык мүмкүнчүлүк толук колдонулбай жатканын айтты Тайырбек Сарпашев

 

Бүгүн, 25-сентябрда биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев Бишкекте өткөн кыргыз-америкалык II бизнес-форумга катышты. Сарпашев белгилегендей, Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы инвестициялык жана соода-экономикалык кызматташуу мүмкүндүгү толук колдонулбай жатат.

“Буга байланыштуу бүгүнкү форумдун негизги максаты - эки өлкө аралык соода-экономикалык кызматташууну өнүктүрүү, кыргыз жана америкалык ишканалар аралык келечектүү иштиктүү байланыштарды орнотуу, ошондой эле Кыргызстан экономикасын америкалык капиталды инвестициялоо мүмкүндүгүн талкуулоо. Бүгүнкү бизнес-форум — бул эки өлкө ишкерлеринин расмий эмес баарлашуусу үчүн жакшы аянтча, ал мамлекеттик деңгээлдеги конструктивдүү баарлашуу менен катар кыргыз-америкалык эки тараптуу соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташууну өнүктүрүүгө маанилүү салым кошот",- деди Сарпашев. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: