super.kg logo

Бишкекте комедия жанрындагы "Султан Сулайман" аттуу тасманын бет ачары болду

 

Бүгүн, 25-сентябрда Бишкекте “Султан Сулайман” аттуу комедия жанрындагы тасманын бет ачар аземи өттү. Аземде тасмада башкы каармандын образын жаратышкан Айкөл Аликжанова жана Эрмек Таалайбеков жомоктогудай болгон ат араба менен келишип, кызыл килемден өтүштү.

Нурлан Мамакеев жана "тамашоучу" Кубаныч Курманбеков режиссёрлук кылган тасма боорду эзген тамашага бай экен. Сүйүү темасы чагылдырылган фильмден белгилүү актёр жана куудул Бакыт Мукул, КРнын Эмгек сиңирген артисттери Гүлмира Турсунбаева, Замира Мавлянова жана башкаларды көрө алдык.  

Тасмада башкы каармандын бири Сулайман - билимдүү бойдок жигит. Ата-энесинин “Качан үйлөнөсүң?” деген суроосунан тажаган ал бул кырдаалдан чыгуу үчүн болочокто актриса болчу Камиланы бир күнгө акчага жалдап, “сүйлөшкөн кызым” деп тааныштырат. Бул кадамы менен Сулайман башына мүшкүл үйүп жатканын билген эмес. Тасманын сюжети мындан ары кызып отурат. Султандын ата-энесинин алдында кыз-жигит болуп ойногон алар калптын айынан үйлөнүүгө мажбур болушат. Алардын никесин чыныгы молдо эмес, акчага жалданган куруучу молдо болуп кыят. Эми бир үйдө жашаганга аргасыз болгон эки жаштын калп сүйүүсү бара-бара чыныгы сүйүүгө айланат. Алар көптөгөн кызыктуу, күлкүлүү учурларды басып өтүшөт.

Биринчи жолу башкы каармандын образын ачып берген актриса Айкөл Аликжанова: “Мен тасмага кастинг аркылуу кабыл алындым. Бул менин тасмада жараткан үчүнчү ролум. Тартуу аянтчасында өтө көп кызыктуу учурлар болду. Өзүмдүн актёрлук чеберчилигим менен образды ачып берүүгө аракет кылдым. Каарманымдын образы аябай жакты. Ал экөөбүз шайыр мүнөзүбүз менен окшошпуз”,- дейт.

Ал эми Султандын ролун майын чыгара аткарган актёр Эрмек Таалайбеков буларды кошумчалады: “Тасма 3 ай тартылды. Буга чейин да фильмдерге тартылып жүргөндүктөн, образды ачып берүү кыйынга турган жок. Анткени каарманыма 80 пайыз окшошмун”.

Фильмдин продюсери Нурлан Мамакеев тасма тууралуу: “Фильмди кыргыз киносунун өнүгүшүнө салым кошуу максатында тарттык. Көрүүчүлөргө жагымдуу эмоция, күлкү тартуулайлы дедик”,- дейт. 






Султан Сулайман кинокомедиясынын трейлери

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(12)
Медиа-портал
17.09.2014. 18:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Эптеген септеген кино экени дароо корунду(((((
Медиа-портал
18.09.2014. 16:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
ахаха
Медиа-портал
18.09.2014. 17:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
дагы бир эптеген кино
26.09.2014. 01:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы тартылганго дейм....
26.09.2014. 03:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Орто бармашын корсотуп... Ай ай
26.09.2014. 14:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Султан Сулаймандын бул жерде кандай тиешеси бар?
26.09.2014. 19:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айкол аябай сулуу кыз, мага жагат да...
Медиа-портал
13.10.2014. 17:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
эх эмне кыласынар сындап Алга КЫРГЫЗЫМ!
Медиа-портал
19.10.2014. 10:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Комедия кино экен,танылуу биз жакшы коргон,жылдыздар ойноп тур, демек,жакшы кызык кино!
Медиа-портал
21.10.2014. 13:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Сулейман деп атып оокатын, куйоосун унуткан келин жонундо го
Медиа-портал
23.10.2014. 03:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Азыркы режиссерлор созсуз турдо сулуу анан белгилуу жаш жузду башкы ролго коюп койсо эле болду. Ал эми Гулмира Турсунбаева Кумондор Абыловдун инисинин атын билбейт экем булар дайым экинчи ролдо башкы ролдогулардын абийрин жаап турушат да. Мындай кинолорду коруу кызыксыз китеп окугандай убактынды текке кетируу!
Медиа-портал
24.10.2014. 16:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы эле кино экен.... мен коруп чыктым....
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: