super.kg logo
  Саясат  

Дамира Ниязалиева Чүй облусунда кепеде жашаган үй-бүлөнүн абалы менен таанышты

 

Жогорку Кеңештин депутаты Дамира Ниязалиева Чүй облусундагы Аламүдүн районунун Ленин айыл өкмөтүнүн тургуну, 42 жаштагы Марина Кунделдин турмушунан кабар алды. ЖКнын басма сөз кызматы билдиргендей, аталган тургун 5 жылдан бери айыл четиндеги ээн талаада жер төлө казып, үй-бүлөсү менен жашап жатат. Ниязалиева жергиликтүү бийлик начар иштеп жатканын, турмушу начар, багар-көрөрү жоктор үчүн өкмөттүн атайын программасы жоктугун сынга алды. Социалдык жактан муктаж болгон мындай жарандардын саны көп экенин айткан эл өкүлү аларга тиешелүү жардам берилбесе, көпчүлүгү кылмыш дүйнөсүнө аралашып кетерин белгиледи. 

Маалымдалгандай, буга чейин Ленин айыл өкмөтүнүн кызматкерлери тарабынан Кунделге жарандык паспорт алганга жардам берилип, сегиз жаштагы баласы мектеп-интернатка жайгаштырылган. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: