Бүгүн Бишкекте бал жарманкесинин ачылыш аземи болду











































Бүгүн, 26-сентябрда Бишкектеги А.Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрынын капталында эки жылдан бери өткөрүлүп келген бал жарманкесинин салтанаттуу ачылыш аземи орун алды. Аземде оюн-зоок уюштурулуп, ага активдүү катышкандарга белектер тапшырылды. Ошондой эле артисттер, бийчилер өнөрлөрүн көрсөтүштү. Эң башкысы, жарманкеге келгендер бал продукцияларынан даам сызышты.
Уюштуруучулар билдиргендей, жарманкенин башкы максаты - элге сапаттуу жана табигый балдарды бал челекчилердин колунан сатып алууга шарт түзүп берүү.
Белгилей кетсек, жарманке 5-октябрга чейин уланат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:49
2025-06-25

14:10
2025-06-25

Рейтинг:
0

http://www.super.kg/kabar/news/28687/