super.kg logo
  Саясат  

Оппозиция менен бийликтин ортосуна көпүрө болчу күтүлүп жаткан мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлат

 
“Кыргыз Республикасында оппозициялык ишмердүүлүк жөнүндө” КРнын мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлат. Мыйзам долбоорунун авторлору - Жогорку Кеңештин депутаттары: Феликс Кулов, Эристина Кочкарова, Токон Мамытов, Турсунбай Бакир уулу жана Татьяна Левина. Алардын айтымында, өлкөдө оппозициялык саясий партиялардын иштөөсүн жана алардын бийлик органдары менен өз ара аракетин жөнгө салган атайын укуктук ченем жоктугунан улам ушул мыйзам долбоорун даярдоо муктаждыгы келип чыккан. Бул мыйзамдын максаты - укуктук мааниде оппозиция менен бийликти теңдештирүү, колдонулуп жаткан мыйзамдардын алкагында жүзөгө ашырыла турган оппозициялык ишмердүүлүктү кепилдөө, коомдук мамилелердин туруктуулугун жана учурда бийликте иштебеген партиялардын жана агымдардын шайлоолордо жеңген учурда мамлекеттик башкаруунун иш милдеттерин аткарууга орун алмашуу жолу менен өтүүнү камсыз кылуу.    





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: