super.kg logo
  Спорт  

Жалал-Абадда эрежесиз эр уруш мелдешинин уюштуруучулары менен спорттук федерациянын ортосунда уруш чыкты

 

Бүгүн, 26-сентябрда Жалал-Абаддагы “Пантера” спорттук клубунун өкүлдөрү SUPER.KG порталына байланышка чыгып, "Уюштуруп жаткан мелдеш үчүн КРнын Эрежесиз эр уруш федерациясынан уруксат алууга милдеттүү эмеспиз. Эмил Токтогонов бизди көрө албай жаткан болушу мүмкүн. Учурда эки тараптын өкүлдөрү урушуп жатышат" деп билдиришти.  

Кошумчалай кетсек, буга чейин Эрежесиз эр уруштун вале-тудо версиясы боюнча федерациясынын президенти Эмил Токтогонов аталган клубдун лицензиясы жок мелдеш уюштуруп жатканын, чара көрүү үчүн прокуратурага кат жөнөтүш керек экенин билдирген эле. Бул пикирге аталган мелдештин уюштуруучусу Акбала Нурдинов нааразы болуп, өз оюн билдирди.  

“Эрежесиз эр уруш федерациясы өкмөттүн балансында жок. Бул жердеги мелдештин көбү коммерциялык багытта өтөт. Биз уюштуруп жаткан мелдеш боюнча эч кимден уруксат алууга милдеттүү эмеспиз, бир кокустук болсо, жоопкерчиликти өзүбүз алабыз. Эгерде уруксат сурай турган болсок, бизге алар айлык төлөшү керек эле. Мен Эмил Токтогоновдой болуп мушкерлерди мелдешке чакырып, пайдаланып, алар түрдүү жаракаттарды алган соң 5000 сом, анан диплом карматып койбойм. Эрежесиз эр урушта спортчу көп жаракат алат, 5000 сом дарыланууга жетпейт. Биздин мелдеште 65, 75 жана 85 килограмм салмактык бөлүктөрдө ондон мушкер беттешишет. Ар бир жеңүүчү байгеге 100 миң сом алат. Ошондой эле аталган 3 салмакта жеңүүчү аталгандар өз ара автоунаа үчүн мушташ өткөрүшөт. Бул жерде болгону эки тараптуу түшүнбөстүктөр болуп жатат. Балким, Эмил мени көрө албай жатат...”- деди ал. 
Кошумчалай кетсек, мелдеш 25-26-октябрь күндөрү өтөт. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(4)
26.09.2014. 16:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
тура кылыптыр Акбала Нурдинов брат
26.09.2014. 18:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
sporttu uiuwtura albagandan kiyin uiuwturgan adamdy koldowubuz kerek alga Akbala brat biz siz menen
26.09.2014. 18:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
anegdottogudai bolup jatatta 2 ozbеk menen eki kyrgyz 1 kazanga tushup kalyp chyga albai jatat deit anan tigi ozbеktor bolso birinchisin kotorup chygyp ekinchisi werigin tartyp 4ygyp ketet eken eki kyrgyz bolso biri 4ygaiyn dep kalganda ekinchisi butunan tartyp 4yga alyshbai turat deit . oilongula bir tuugandar!
Модератор admin_superstan түзөттү 26.09.2014 18:51
26.09.2014. 18:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
kuba.kq8705, мазактоодон алыс болуңуз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: