Билим берүү министри иш сапары менен Катарда болуп, өлкөнүн окуу жайларынын иши менен таанышып чыкты

КРнын Билим берүү жана илим министри Канат Садыков жетектеген делегация расмий иш сапары менен Катарга барып келди. Бул тууралуу 26-сентябрда аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Автор: Нургазы Аматов
Фото: Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы
Маалыматка ылайык, иш сапарынын алкагында К.Садыков өлкөнүн окуу жайларынын иши менен таанышып, мекемелердин жетекчилери менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.
Мындан тышкары Кыргызстан жана Катар мамлекетинин ортосунда билим берүү жана илим тармактарында кызматташуу боюнча келишим түзүлүп, бирге иштешүүнүн негизги багыттары бекитилди. Алар:
- билим берүүнүн саясаты жана стратегиясы тармагында маалымат менен алмашуу;
- билим берүү тармагында тажрыйба менен алмашуу;
- илимий изилдөөлөр менен алмашуу;
- окутуу курстарды жана семинарларды уюштуруу;
- билим берүү жана илим тармагын өнүктүрүү боюнча долбоорлорду биргеликте иштеп чыгуу.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:49
2025-06-25

14:10
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
zman53

27.09.2014. 11:28
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Катар менен Кыргызстандын айырмасы асман менен жердей.Алардын окуу системасы таптакыр башкача.Биздики 23-жылдан бери бир да жолу реформа болгон жок.Реформа кыла турган кызыккан адам болгон жок.Бул жон эле акча коротуу болду окшойт.Окуу жайын буткон бир да студент жумушка орношо албай,ар кайсы жумушта иштеп журушот.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.