super.kg logo
  Саясат  

Ысык-Көл. Жети-Өгүз районунда жергиликтүү кеңештин депутаттарынын кошмо жыйыны болуп өттү

 

24-январда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда жергиликтүү кеңештин депутаттарынын кошмо жыйыны болуп, анда жыйындын президиуму жана төрагасы шайланды. Жети-Өгүз району боюнча 13 айыл өкмөт болсо, жергиликтүү кеңештин 202 депутаты бар. Ал эми кошмо жыйынга 12 айыл өкмөттөн 141 депутат катышты. Жети-Өгүз районунун жергиликтүү кеңешинин кошмо жыйынынын төрагасы болуп Жети-Өгүз айылдык кеңешинин төрагасы Жыргалбек Алдаяров бир добуштан шайланды. Кошмо жыйынга өкмөттүн Ысык-Көл облусу боюнча өкүлүнүн орун басары Роза Кайыкова, өкмөттүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана этника аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин Ысык-Көл облусу боюнча координатору Зарылбек Шарипов, облустук өкүлчүлүктүн аппарат жетекчиси Нурбек Осмонбаев, уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Нармеджан Ташбаев, Жети-Өгүз  районунун акими Жаныбек Дюшембиев катышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: