super.kg logo
  Спорт  

Футбол боюнча "Легенда кубогун" "Алга" утуп, белгилүү Дүйнө чемпионунун колунан кубок алды (фоторепортаж)

 
Алгач "Алга" менен "Нефтичи" командалары майданга чакырылды.
Алгач "Алга" менен "Нефтичи" командалары майданга чакырылды.
Анан ырчы Оманын аткаруусунда гимн обого жаңырды.
КРнын гимни обого жаңырууда.
КРнын гимни обого жаңырууда.
КРнын гимни обого жаңырууда.
"Легенда кубогунун" жеңүүчүсүнө ыйгарылуучу кубок.
Бул жолу башкы калыстык милдетти Бахадыр Кочкаров аркалады.
Бул жолу башкы калыстык милдетти Бахадыр Кочкаров аркалады.
"Нефтичи" футболдук клубунун оюнчулары...
Топту ортодон Юрий Жоркаефф баштап берди.
Башкы калыс Бахадыр Кочкаров
Мирбек Акматалиев (№27) оюн эсебин ачып, командасын эсептик катышта алдыга сууруп чыкты.
Оюн ортолоп калганда "Дордой" футболдук клубунун оюнчулары келип, беттешке күбө болушту.
"Алга" арты-артынан чабуул уюштуруп жатты.
"Алга" арты-артынан чабуул уюштуруп жатты.
Биринчи тайм аяктаган соң 10 мүнөттүк тыныгуу болуп, анда элге ыр жана бий тартууланды.
Ырчы Сема "Футбол" аттуу ыры менен элдин назарында болду.
Оюн 4:0 эсебинде аяктады.
"Нефтичи" клубунун өкүлдөрү белгилүү франциялык футболчуга өзүнүн аты жазылган футболканы белек кылышты.
"Алга" клубунун башчысы, Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов да Юрий Жоркаеффге клубдун атынан сыйлык тапшырды.
Юрий Жоркаефф кубокту "Алганын" оюнчуларына тапшырууда.
"Алга" - чемпион!
"Алга" - чемпион!

“Алга” (Бишкек) - “Нефтичи” (Кочкор-Ата) – 4:0

Голдор: Мирбек Акматалиев (10-мүнөттө), Турсунбай Хусанов (14-мүнөттө), Мирбек Акматалиев (49-мүнөттө), Рустамов (59-мүнөттө)   

Бүгүн, 27-сентябрда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо "Легенда кубогу" үчүн беттеш болду. Анда бишкектик “Алга” менен кочкор-аталык “Нефтичи” кез келди. Оюнга Франциянын курамында 1998-жылы Дүйнө чемпиондугун, 2000-жылы Европа чемпиондугун уткан белгилүү футболчу Юрий Жоркаефф күбө болду. Жылына бир ирет уюшулуп, 2 футболдук клубдун оюнунан турган "Легенда кубогунун" өзгөчөлүгү - атактуулардын катышуусунда өткөндүгүндө. Салтты улай Ю.Жоркаефф алгач ортодон топту баштап берип, оюн аягына чейин четте көрүүчү катары отурду. Жеңүүчү аныкталган соң ал командаларга байгелерин ыйгарды.

Оюн 30 мүнөттөн 2 тайм болуп, толук бойдон “Алганын” үстөмүгү астында өттү. Албетте, бул клуб бул беттеш үчүн көп убакыттан бери даярданып келген. Ал эми “Нефтичи” клубу оюнга бир апта калганда гана даярдыкты баштаган. Себеби буга чейин кубокту бишкектик “Алга” менен оштук “Алай” талаша турганы айтылып келип, бирок беттешке 1 апта калганда “Алай” оюндан баш тарткан. КРнын Футбол федерациясынын сунушу менен “Алайдын” ордуна “Нефтичи” ойномой болгон. Оюнга эки команданын бирдей даярдыкта эмес экенин эске алып, бул кубокту “Алга” оңой гана утканын айта кетишибиз керек. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
27.09.2014. 18:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ronaldo
28.09.2014. 01:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Коруучулор,куйормандар жокко
28.09.2014. 17:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Алай барганда женмек
29.09.2014. 09:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Patrik, Алай уталбай калышына козу жетип барай койду коркоктор. Мелис жок талап жок быйылкы сезондо эч бир байге жок буларга.
29.09.2014. 10:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
трубанада пусто го.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: