super.kg logo
  Саясат  

Пакистандын Жогорку Соту өлкөнүн премьер-министри Раджи Первез Ашрафты камакка алууга буйрук чыгарды

 

Пакистандын Жогорку Соту аталган өлкөнүн премьер-министри Раджи Первез Ашрафты жана мамлекет башында турган 15 аткаминерди кармап, камакка алууга буйрук чыгарды. Ашраф  2010-жылы Пакистандын Суу чарба жана энергетика министри болуп турганда энергетикага байланышкан долбоорлорду өткөрүү үчүн пара алган деп күнөөлөнүүдө. Бул айыптоону ал моюнга алган жок. Талдоочулардын пикири боюнча Ашрафты кызматынан алуу кыйынчылык жаратат. Ал эми Пакистандын жергиликтүү маалымат булактары соттун чечими чыкканына карабай өкмөт башчы дагы деле эркиндикте жүргөнүн жарыялоодо. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: