Инчхон-2014: Бүгүн боксчулар Азат Усеналиев менен Акжол Сулайманбек уулу чейрек финалдык беттештерин өткөрөт

Түштүк Кореянын Инчхон шаарында өтүп жаткан Азия оюндарынын алкагында бүгүн, 29-сентябрда 2 кыргызстандык мушкер чейрек финалдык беттештерин өткөрөт. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты билдирет.
Маалыматка ылайык, 60 килограмм салмакта Акжол Сулайманбек уулу монголиялык Отгондалай Доржнямбу менен кез келсе, 52 килограмм салмакта Азат Усеналиев пакистандык Мухаммад Васеем менен беттешет. Ошондой эле 75 килограмм салмактык бөлүктө жарым чейрек финалда Азамат Каныбек уулу индиялык Кришан Викаска каршы рингге чыгат.
Кошумчалай кетсек, аталган мушкерлерден тышкары кыргызстандыктардан Турат Осмонов (49 килограмм салмакта), Өмүрбек Малабеков (56 кг) жана Эрмек Сакенов (64 кг) алгачкы беттештерин утуп, чейрек финалдык жолдомолорду алышкан. Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(4)
Patrik

29.09.2014. 10:44
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик. Умут силерде
realliver

29.09.2014. 11:04
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азат Усоналиевден ишеним чон. Ушул жигит чемпион болушу керек. Калган боксерлорго дагы ийгилик! Малабеков, Сакеновдор дагы мыкты боксерлорубуз
MEDER_KULETOV

29.09.2014. 11:52
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бокстан кутот окшойбуз алтынды
Gen_fanat

29.09.2014. 12:02
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
акжол сен чемпион болушун керек.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.