super.kg logo

Жалал-Абаддын, Майлуу-Суунун жылуулук камсыздоо мекемелеринин жооптуу кызматкерлерине кылмыш иши козголду

 

Жалал-Абаддын, Майлуу-Суунун жылуулук менен камсыздоо мекемелеринин жооптуу кызматкерлерине кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы бүгүн, 29-сентябрда билдирди.

Маалыматтарга караганда, Жалал-Абад шаарынын жылуулук менен камсыздоо мекемесинин жооптуу кызматкерлери жеке ишкерлер менен кылмыштуу келишимге барышып, курулуш материалдары, унаа тетиктери сатылып алынгандыгы тууралуу жасалма акт түзүшүп, 1 миллион 700 миң сом акчаны өздөрүнө ыйгарып алышкан. 

Ошондой эле Майлуу-Суу шаарынын жылуулук менен камсыздоо мекемесинин жооптуу кызматкерлери 2013-2014-жылдарынын февраль, март айларында 2 миллион 300 миң сомду түзгөн жылуулук энергиясын атайын нормадан ашырышкандыгы белгилүү болду. Мындай кадамдардан улам мамлекетке 4 миллион сомдон ашык зыян келтирилген. Учурда жогорудагы жооптуу кызматкерлерге карата "ишенип берилген мүлктү ыйгарып же жоготуп алуу", "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу", "кызматтык жасалмачылык" беренелери менен кылмыш иши козголуп, иликтөө жүрүп жатат. 

                

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: