super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңештин тармактык комитети Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары менен бирге жыйын өткөрүүдө

 

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитети Бишкек мэриясынын жетекчилери жана шаардык кеңештин депутаттары менен биргеликте жыйын өткөрүүдө. Жыйында Бишкек шаардык мэриясы, “Тазалык” муниципалдык ишканасы жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Бишкекте катуу таштанды калдыктарын башкаруу системин жакшыртуу” долбоору боюнча Борбордук Азия үчүн Европа союзунун Инвестициялык фондунун гранты жөнүндө маселеси талкууланууда.  

Комитет төрагасы Каныбек Иманалиев мыйзам долбоорунун депутаттардын кароосуна киргенине 6 ай болгондугун айтып, шаар мэри Кубанычбек Кулматовду сынга алды. Биз макулдашууну карап беришибиз керек. Бирок макулдашуу 6 ай убакыттан бери каралбай жатат. Бөлүм башчыңарды жиберип коёсуңар же дагы бирөөсүн жибересиңер. Ошон үчүн мындан ары бул сыяктуу келишимдерди сиздер менен биргеликте карайбыз”,- деди депутат.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: