super.kg logo

Атай Өмүрзаков, бийчи: “Германиядагы долбоордун тарыхында тандоо турунан түз финалга өткөн алгачкы катышуучулар биз болдук” (блиц-маек)

 

Бийчи Атай Өмүрзаков өзүнүн окуучуларынан турган “Тумар КР” бий тобу менен бирге Германияда өткөн “Das Supertalent-2014” телесынагында финалга чыкты. Калыстар тобун таң калтырган таланттуу бийчилердин башында турган Атай SUPER.KG порталынын суроолоруна жооп берди. 

- Атай, Германиядагы силер катышкан “Das Supertalent-2014” долбоору 27-сентябрь күнү көрсөтүлдү. Силердин талантыңарга, калыстардын таң калып, силерди тандоо турунан түз эле финалга жөнөткөнүнө орток болдук. Телесынак качан, кайда болду?

- Бул телесынактын тартуу иштери август айында Германияда болгон. Ал эми теле аркылуу 27-сентябрда гана көрсөтүлдү. Биз финалга жолдомо алганыбызды август айында эле билгенбиз. Бирок теледен берүү кеткенге чейин ал маалыматты таратуу укугуна ээ эмес болчубуз. Жалпысынан бул долбоорго катышкандардын саны 46 000ге жетиптир.    

- Дүйнөнү кыдырып, бий өнөрү менен Кыргызстанды таанытып жүрөсүңөр. Бул долбоорго кандайча катышып калдыңар?

- Уюштуруучулар мени интернеттен таап, видеолорумду көрүп, анан чакырышкан. Мен өзүм жалгыз катышкым келбей, окуучуларымдан түзүлгөн “Тумар КР” тобунун видеолорун жөнөткөм. Алар абдан жактырып, чогуу баруубузга макул болушту. Ошентип, экинчи жолу “Тумар КР” менен биргеликте бир программа даярдап, бир сахнага чогуу чыгып жатабыз. Буга чейин Москва шаарында “Даңк мүнөтү” долбоорунда чогуу катышканбыз.  

- 4 калыс алгач силердин бийге таң калып, анан ордуларынан туруп кол чабышты. Анан финалга чыгууңарды жапырт колдоп беришти. Алардын бул кадамы күтүүсүз болсо керек...  

- Долбоордун тарыхында биринчи жолу ушундай көрүнүш болуп жатыптыр. Биз тандоо турунан түз эле финалга өткөн биринчи команда болдук. Калыстар тобунун бардык мүчөлөрү сары баскычты басканда катышуучу түз эле финалга өтүп кетет экен. Ошентип, бизди жарым финалга катыштырбай туруп финалга жолдомо беришти. Ошондой эле сынакты ушул баскычында эле токтотуп, байгеге коюлган 100 000 еврону бизге берүү тууралуу да сөздөр болуп жатты.   

- Сахнага чыкканда кыргызча сүйлөдүңүз. Көптөр муну колдосо, айрымдар "англисче же орусча сүйлөсө болмок" деп талкуулашууда. Уюштуруучулар кыргызча сүйлөгөнүңүз боюнча кандай пикир айтышты?

- Сахнанын артында бизди англисче куттуктап, ийгилик каалап жатышты. Сахнага чыкканда орусча сүйлөгүм келген жок. Ага чейин уюштуруучулар англис тилинде сүйлөшүм керек экенин айтып жатышкан. Сындагандардан качып кутулуу мүмкүн эмес болчу. Башка тилде сүйлөгөн күндө дагы "Эмнеге англисче сүйлөп жатат?", "Эмнеге орусча сүйлөп жатат?" деп талкуулагандар болмок. Жалпысынан сахнада кыргызча сүйлөп туура кылдым деп ойлойм.   

- Финал декабрь айында болот экен. Финалга кайсы өлкөдө даярданасыңар?

- Украинага барып даярданабыз, буюрса. Ал жакта тааныштар бар. Кыргызстанда даярданганда көп нерсени ишке ашыра албайбыз. Бизге ошол жакта даярданган жеңилирээк болот. Буюрса, декабрь айына чейин катуу даярданабыз.   

- Финалга кандай программа даярдап жатасыңар?

- Азырынча философиялык идея менен номер даярдоону ойлоп жүрөбүз. Балким, “Мен Франкенштейн” тасмасынын башкы каарманынын образында бий даярдайбыз. Биринчи турда биз “Электро оркестр” деген аталыштагы жөнөкөй эле бий менен чыктык, мааниси деле жок болчу. Эми финалда өзгөчө мааниси бар бий даярдасакпы деп турабыз. 





Атай жана "Тумар" бий тобу / Германия / 28.09.14

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 30 
Комментарийлер(60)
30.09.2014. 07:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аябай сонун бийлешиптир. Элдер туруп алып кол чааптыр! Азаматсынар, алга!
30.09.2014. 08:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Соз жок азаматсынар !!! Коруп алып озунчеле сыймыктандым )) ийгилик .
30.09.2014. 08:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Азаматсынар Атай! Бул кыргыз тарыхында озгочо орун! Азаматсынар! Негрдин оозун жаман жаптынар да!
30.09.2014. 10:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ийгилик сага Атай!!!алдыдагы сынактн да БИРИНЧИ ОРУНДУ алышынарды каалаймын!!!Дуйноного дагы бир жолу Кыргызстандын атын чыгардын,,,жанындагы жигиттер да мыкты талантуу экен...
Модератор admin_portal түзөттү 30.09.2014 11:01
Медиа-портал
30.09.2014. 12:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атай Атай Атай Атай Атай Атай Атай Атай Атай......
!!!!!!!!!!!!!
Медиа-портал
30.09.2014. 12:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
:(:(:(:(:(:(:(:(:(:(:(:(:(:(:(:(:(
30.09.2014. 12:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
соз жок рахмат силерге бар болгула
30.09.2014. 12:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азаматсын Атай ийгилик силерди коштосун!!!!!
30.09.2014. 12:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чон чон ийгиликтерди каалайм молодцы !!!!!
30.09.2014. 13:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен коруп ыйладым.сыймыктанам силер менен аман болгула
30.09.2014. 13:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мына сага кыргызымдын мырзалары.
Медиа-портал
30.09.2014. 14:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгиликтер болсун!!!
30.09.2014. 16:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азаматсынар жигиттер
Медиа-портал
30.09.2014. 17:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Европалыктардын жонокойлугуно ,эмоциясынын кучтуулугуно тан каласын...Алар ушунчалык колунан келбеген адамды дагы мактап ,чон кадамдарга шыктандырышат.
30.09.2014. 18:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн туптуура кылган экенсин, абдан суйунуп кеттим кыргызча суйлогонундо, ошол кадрды улам улам кордум. Ийгилик, кудайым ар дайым колдосун.
Медиа-портал
30.09.2014. 23:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алар эмне биринчи орунду алдыбы э
01.10.2014. 21:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматтар инилерим!!!!!!Алга Кыргыз инилерим!!!! М
Медиа-портал
01.10.2014. 23:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Соз жок таланнттар Атай жана анын командасы . Ийгилик каалайм жигиттерге баш байгени Кыргызстанга жуктоп келишсин.
02.10.2014. 00:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азаматтар.сөз жок..кыргызча сүйлөгөнүң абдан жакшы...АЛГА ТУМАР КР ЖАНА АТАЙ.ЮХУУУУУ
Медиа-портал
02.10.2014. 01:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атай,азаматсынар,абдан сонун аткаргансынар,талантынар оркундой берсин,бут жер жузуно Кыргызстанды таанылта бергиле. Силерге ийгилик!
Медиа-портал
02.10.2014. 15:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аябай сооооонун болуптур. Кайра-кайра коргондон тажабайсын. АЗАМАТТАР!!!!! ИЙГИЛИК!!!!
Медиа-портал
03.10.2014. 08:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атай азаматсын алга дуйнону багынт биз сен мененбиз ураааааааааааааааааа
Медиа-портал
03.10.2014. 10:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын Атай !!! Каракол сени колдойт, Кыргызстан сени колдойт... Талантына талант кошулсун ден соолугун болсун... Караколдон чооон салам...
03.10.2014. 15:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гениально Выступили!) молодцы,!!!
Медиа-портал
06.10.2014. 15:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Dagy da iygilikterdi bagynta bergile. Duinoluk dengeelge jetkile kyrgyz elin jerin taanytyp. Allahym silerge jar bolsun
Медиа-портал
06.10.2014. 15:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Azamatsynar kozymo jash algydai boldum supeeeeeeer soz jok alga dagy da koop jenishke jetishkile Kyrgyzsrandy dantap
Медиа-портал
06.10.2014. 18:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алга КАРАКОЛ!Алга,КЫРГЫЗСТАН!АЛГА,АТАЙ!!!сыймыктанабыз сиз менен!!!Баракелде!!!
Медиа-портал
07.10.2014. 13:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
АЗАМАТСЫНАР!!!!!! ыйлап озумду аран токтоттум , толкунданып....
Медиа-портал
07.10.2014. 13:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атай групанар менен ийгилик каалаймын.суйунуп ыйлап жибердим.магазинден эшике чыгып.ушуп тонуп титиреп жатып копдум Аллахым жар болсун.
Медиа-портал
10.10.2014. 01:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер Супер Супер Эркекче Айтсам Козумо жаш келип кетти Онорунор оркундой берсин.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: