Араван районунун тургуну аялы менен Сирияга согушка кеткени аныкталды
Араван районунун тургуну аялы менен Сирияга согушка кеткени аныкталды. Ош ОИИБинин басма сөз катчысы Жеңиш Ашыралиев: "Көпчүлүк жарандар ар кандай уюмдарга алданып Сирияга кетип калышууда. Негизинен Сирияга кеткендердин көпчүлүгү Орусияга же Түркияга иштегени кетишкен. Жакында эле атайын "Антитеррор" операциясы жүргүзүлүп, анын алкагында Араван районунун 1977-жылы туулган И.Тешебаев аттуу тургуну аялы менен Сириядагы согушка кеткени аныкталды. Булар да Орусияга иштегени кетишкен. Бирок ошол жакка чакырып, үгүттөп жүргөн уюмдардын курмандыгы болуп калган",- деп "SUPER.KG" порталына билдирди. Анын айтымында, учурда Сирияда 100гө чукул кыргызстандык катышып жүрөт. Алардын айрымдары чындап эле радикалдык көз карашты карманса, кээ бири ар кандай уюмдарга, адамдарга алданып барышууда.
Автор: Мирлан Өмүралиев
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:44
2025-06-26
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

Рейтинг:
0

Эми кайтарфп алып келсе болор бекен ?
деги эле суроолор коп, жооп жок.
Sırıyadagılardın baarı azır tusıyaga kelıp batpay atsa oz kaaloosu menen ketken bızdıkıler eshek takalaganı barıp atabı sırıyaga musulmandardın atın bulgagan TERRORISTTER...