super.kg logo

Бишкекте карылар интернатында мамлекеттик тилдин 25 жылдыгы белгиленип, орус улутундагы карылар кыргызча ырдашты

 
Бүгүн Бишкек шаарынын Биринчи Май районундагы карылар үчүн интернат-үйүндө мамлекеттик тилдин 25 жылдыгына карата майрамдык иш-чара өткөрүлдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө 4 топко бөлүнгөн карылар өз өнөрлөрүн көрсөтүшүп, конокторго көңүлдүү маанай тартуулашты.
Биринчи Май районундагы карылар үчүн интернат-үйүнүн башчысы Эркингүл Абдылдаеванын айтымында, бул мекемеде 200гө жакын кары жашайт. “Бүгүнкү майрам биз үчүн өтө маанилүү. Буга чейин да бир топ ушундай иш-чараларды өткөрүп келгенбиз. Мындан карылар жакшы таасир алышат”,- деди ал.
Карылар "Кара жорго" бийин бийлешүүдө.
Айрымдары фотосессияга катышышты.
Интернатта жашаган карылар.
Карылар "Кара жорго" бийин бийлешүүдө...
Интернатта жашаган карылар.
Калыстар тобу карылардын өнөрлөрүнө жана кийимдерине баа берип жатышты.
Карылар "Кара жорго" бийин бийлешүүдө...
Кол чабуулар
Экинчи кабаттан көрүнүш
Экинчи кабаттан көрүнүш
Экинчи кабаттан көрүнүш

Бүгүн, 29-сентябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май районундагы карылар үйүндө мамлекеттик тилдин 25 жылдыгына карата майрамдык иш-чара өткөрүлдү. Ага аталган мекеменин жетекчилиги, кызматкерлери, иш-чаранын демөөрчүлөрү, райондун тургундары жана ушул интернатта жашаган карылар катышышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө 4 топко бөлүнгөн карылар өз өнөрлөрүн көрсөтүшүп, конокторго көңүлдүү маанай тартуулашты. Кээ бири ырдап, бийлеп, айрымдары музыкалык аспаптарда жагымдуу обондорду созушту. Иш-чара мамлекеттик тилдин 25 жылдыгына карата өткөрүлгөндүктөн, айрым орус жана башка улуттагы карылар кыргыз тилинде ырдап, кыргыз бийлерин бийлешти.

Биринчи Май районундагы карылар үчүн интернат-үйүнүн башчысы Эркингүл Абдылдаеванын айтымында, бул мекемеде 200гө жакын кары жашайт. “Бүгүнкү майрам биз үчүн өтө маанилүү. Буга чейин да бир топ ушундай иш-чараларды өткөрүп келгенбиз. Мындан карылар жакшы таасир алышат”,- деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: