Ысык-Көл. 2012-жылы "Кумтөрдөн" Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондуна 218 миллион 342 миң 384 сом түшкөн
2012-жылы "Кумтөрдөн" Ысык-Көл өнүктүрүү фондуна 218 миллион 342 миң 384 сом түшкөн. Бул маалымат 25-январда өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүндө өткөн "Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунун" 2012-жылдагы аткарган иштери боюнча жыйында айтылды. Иш-чаранын жүрүшүндө аталган фонддун дирекциясынын башчысы Айтбек Окенов доклад окуду. Анын айтымында, 2011-жылдагы үнөмдөлгөн акчаны кошкондо аталган фонд 2012-жылы жалпы 311 миллион 266 миң 578 сом чогулткан. Бул акчанын
307 миллион 981 миң 882 сом билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт тармагы, жол, суу, жашылдандыруу, инфраструктураны өнүктүрүү жана башка багыттарга жумшалгандыгы айтылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:58
2025-06-25

14:29
2025-06-25

11:43
2025-06-25

Рейтинг:
0

