super.kg logo
  Спорт  

Улуттук Олимпиада комитети мушкер Азат Усеналиевдин беттешин токтотуп койгон калыстын ишин кароо үчүн Азиянын Олимпиадалык кеңешине кат жолдоду

 
Кечээ, 29-сентябрда “Инчхон-2014” Азия оюндарында боксчу Азат Усеналиев пакистандык мушкер менен кез келген. Беттештин биринчи раундунда Азаттын кашы айрылып кеткенине байланыштуу калыс дарыгерлердин кийлигишүүсү менен беттешти токтотуп, жеңишти пакистандык мушкерге ыйгарган. Беттештен кийин дароо КРнын Бокс федерациясы тарабынан калыстар тобуна калыстын ишин карап чыгуу сунушу менен кайрылуу жолдонгон. Бирок калыстар “пакистандык мушкер атайын сүзгөн эмес” деген чечим чыгарып беришти. Бүгүн, 30-сентябрда КРнын Улуттук Олимпиада комитети калыстын ишин кароо үчүн Азиянын Олимпиадалык кеңешине кат жолдоду. Негизи, эреже бузуу катталган болсо, пакистандык мушкердин мелдештен четтетилүүсү керек болот. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты. 





Азат Усеналиев пакистандык мушкер менен мушташууда

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: