super.kg logo

Бишкекте курулуш жана транспорт иштери менен алектенген жеке ишкананын жетекчиси 3000 доллар пара берип жаткан жеринен кармалды

 

Пара берүүгө аракет кылган Бишкек шаарындагы курулуш жана транспорт иштери менен алектенген жеке ишкананын жетекчиси кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 30-сентябрда билдирди.

Маалыматка караганда, милиция кызматкерлери тарабынан текшерүү жүрүп жаткан учурда аталган ишкананын жетекчиси М.Рашад текшерүүнү токтотуу максатында 3000 доллар пара сунуштаган. Мындай көрүнүш мыйзамсыз экендигин милиция кызматкерлери бир нече жолу эскертишкен. Бирок ал ага карабай пара сунуштаган. Анын негизинде Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын 5-башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан 3000 долларды пара катары берип жаткан учурунда М.Рашад кармалды. Кармалган жаранга карата кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: