super.kg logo

Бишкекте Карылар күнүнө карата уюштурулган иш-чарада 60 жыл чогуу жашаган жубайлар сыйланышты

 
Карыларды окуучулар кол чаап күтүп алышты.
Салтанаттын жүрүшүнөн.
Майрамдык салтанатка келген карылар.
Иш-чаранын алып баруучулары.
Иш-чарада 50-60 жылдан бери үй-бүлө очогун бирге тутантып келаткан жубайларга белектер тапшырылды.
Сахнада төкмө акын Аалы Туткучев.
Концерттик программанын жүрүшүнөн.

Бүгүн, 30-сентябрда Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда 1-октябрь – Карылардын эл аралык күнүнө карата майрамдык иш-чара өттү. Улгайган адамдарды куттуктап Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Марат Аманкулов, Ленин райондук акимчилигинин өкүлдөрү келишти. Иш-чарада 50-60 жыл чогуу жашаган түгөйлөргө белектер тапшырылды. Концерт уюштурулуп, артисттер, төкмө акын Аалы Туткучев жана бийчилер өнөрлөрүн тартуулашты. 

Марат Аманкулов: “Кадырман аталар, ак элечек энелер, сиздерди майрамыңыздар менен куттуктайбыз! "Карысы бардын ырысы бар" дегендей, өз күчүңүздөрдү биздин жаркын келечек үчүн жумшадыңыздар. Сиздердин эмгегиңиздер эч качан унутулбайт. Баарыңыздарга таазим кылуу менен чың ден соолук, бакубат жашоо каалайбыз”,- деди. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
30.09.2014. 12:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ар үйдө ак сакалдуу кары болсо, балпайган байбичеси дагы болсо...
Бар болгула, кутман карылар!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: