super.kg logo
  Саясат  

"Ата журтчу" Жылдыз Жолдошова кызматтык Кадиллак унаасын дем алыш күндөрү каяктарга чаап жүрөт?

 
0002 KG номурлуу Кадиллак дем алыш күнү унаа базары жакта
0002 KG номурлуу Кадиллак иш маалынан сырткары учурда театр алдында токтоп турганы айтылды.
Бишкекте иш маалынан башка учурда Киев-Турусбеков көчөлөрүнүн кесилишиндеги "Туңгуч" театрынын алдында токтоп турган 0002 KG номурлуу Кадиллактын сүрөтү маалымат булактары аркылуу жарыяланды. Ушул эле унаанын өткөн жекшембиде унаа базары тарапта жүргөнү, болгондо да каршылаш келе жаткан унаалардын жолуна чыгып алганын тастыктаган сүрөт тараган эле. Маалыматка таянсак, бул автоунаа Жогорку Кеңештеги "Ата Журт" фракциясынын лидери Жылдыз Жолдошовага таандык кызматтык унаа. Мыйзамга ылайык, кызматтык автоунааны жеке иштерге колдонууга уруксат берилбейт.
Эскертме: Былтыр сентябрда Бишкекте өткөн Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммитине карата Кытай Кыргызстандын өкмөтүнө Cadillac XTS үлгүсүндөгү 46 автоунаа берген. Саммиттен кийин ал унаалардын 10у Жогорку Кеңешке, 10у министрликтерге берилген.  





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: