Депутаттар Эльвира Сариевага “бирдиктүү мектеп формасын жокко чыгаргыла” дешти
Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин 30-сентябрдагы жыйынында депутат Дамира Ниязалиева вице-премьер-министр Элвира Сариевага: “Социалдык жактан муктаж болгон адамдарга бирдиктүү мектеп формасын акысыз бере албасаңар, бирдиктүү мектеп формасын жокко чыгаргыла, моралдык укугуңар жок”,- деди. Ниязалиеванын айтымында, өкмөт форманы сатып алууга шарты жок үй-бүлөлөргө акысыз бериши керек. “Бүгүн силер форманы киргизгениңер менен, баары эле сатып ала албайт. Анан эки-үч жылдан кийин арзан кылып Кытай да чыгара баштайт. Бирок азыркы чыгарып жаткан формалар да техникалык регламентке туура келбейт, синтетика болуп жатат”,- деди депутат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
Рейтинг:
2
2
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















