super.kg logo
  Саясат  

Айыл чарба министрлиги: Cауд Арабиясы Кыргызстанга Логистикалык борбор курууга даяр

 
Cауд Арабиясы Кыргызстанга Логистикалык борбор курууга даяр. Муну 30-сентябрда Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Кыргызстан менен Сауд Арабиясынын ортосунда айыл чарба жаатында төмөнкүдөй макулдашуулар менен меморандумга кол коюлган:
Кыргызстан менен Сауд Арабиясынын ортосунда кызматташтык жөнүндө генералдык макулдашуу;
КРнын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги менен Сауд Арабиянын ишкерлер жамаатынын өкүлчүлүгү ортосундагы меморандум. 
Айыл чарба жана мелиорация министри Таалайбек Айдаралиев тиешелүү лабораториялык борборлордун жоктугу мал этин сыртка ташууга тоскоол болуп жатат. Сауд Арабиясы менен Логистикалык борбор куруу боюнча сүйлөшүү жүрүүдө. Бул үчүн кыргыз өкмөтү 50 гектар жер берүүгө, арабиялык ишкерлер Логистикалык борбор курууга даярдыгын айтышкан.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: