super.kg logo

Чүйдө "курал колдонуп казакстандык жана өзбекстандык жарандарды тоногон" деген шек менен бир катар адамдар кармалды

 

Чүйдө "курал колдонуп казакстандык жана өзбекстандык жарандарды тоногон" деген шек менен бир катар адамдар кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 30-сентябрда билдирди.

Маалыматтарга караганда, Бишкектеги базарлардан Өзбекстанга, Казакстанга аталган мамлекеттердин 16 жараны ар кандай товарларды кичи автобус менен алып бара жатышкан. Чүйдөгү Ленинское айылына келип калган маалда жүргүнчүлөрдүн бири унааны токтотуп сыртка чыккан. Бул учурда кара түстөгү БМВ унаасы келип токтоп, анын ичинен бет капчан, курал кармаган төрт жаран түшкөн. Алардын бири кичи автобустун маңдайкы айнегин атып сындырып, айдоочуну бир нече ирет чаап жиберген. Кылмышкерлер ошол жерден унааны жүргүнчүлөрү менен айдай качып, чет жакадан тономок болушкан, бирок айдоочу унаанын ачкычын ыргытып жибергендиктен, алдынкы катарларда отурган жүргүнчүлөрдү гана тоноп кетип калышкан. Иликтөөдө кичи автобуста кылмышкерлерге маалымат берип турган адам келаткандыгы белгилүү болгон. Аз өтпөй "аталган тоноочулукка катыштыгы бар" деген шек менен бир канча адам кармалган. Учурда катыштыгы бар дагы башка жарандарды издөө иштери жүрүп жатканы маалым болду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
30.09.2014. 19:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Казакстандын чолдорундо канчалаган рекеттер бар андай нерсе болуп туруш керек кыргыздар болсо кечирип коеберип койгула
01.10.2014. 02:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Литвадан машине алып келе жатсан жолдон баурларын налог салат бербесен машиненди тартып коёт!ошондой эле озбекстанга кирип товар алып чыгам деп кор эмне кылышат экен!
01.10.2014. 02:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эч нерсе болбойт боло берет турмушта особенно биздей кыргызда олуп калбагандарына суйунушсун.
01.10.2014. 08:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Олуп баратса да ключту ыргытканын. Озуно жараша кылса болмок, ХХХ ХХХ ХХХ...
Модератор admin_portal түзөттү 01.10.2014 09:51
01.10.2014. 09:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Multicam - эскертүү!
Провокация жарата турган билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: