Ош. Сириядагы согушка медициналык билими бар аялдарды чакырып жаткандыгы айтылууда
Сирияда болуп жаткан согушка 2013-жылдын декабрынан тартып аялдарды чакырууга басым жасалууда. Мындай билдирүүнү бүгүн, 30-сентябрда Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Ашырбаев SUPER.KG порталына билдирди.
Автор: Айсана Паизова
Анын айтымында, социалдык жактан муктаж аялдарды алдоо жолу менен Сирияда болуп жаткан согуш талаасына алып барышууда. Алардын көбү диний жактан маалыматы аз, акча табуу максатында барып калышкандар.
"Эмнегедир акыркы убакта, тактап айтканда, 2013-жылдын декабрынан тартып аялдарга жана медициналык билими барларга чакырык көп жасалып жатат. Себеби алар согуш талаасынан жараат алгандарга медициналык жардам көрсөтүшсө, калган учурда аялдык кызмат аткарышат",- деди Ашырбаев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:44
2025-06-26
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

Рейтинг:
0

Тема боюнча айта кетсем.. Жарыялаш керек, ар бироо билсин что Сирияда согуш болуп жатканын.. Барбаш керек экенин ал жакка..
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.