Тельман айылынын тургуну 4 адамды мылтык менен атып, натыйжада алардын баары каза тапты
Чүйдөгү Тельман айылында төрт кишинин өлүгү табылган. Алар ок атуучу куралдан алган жарааттан улам каза табышканы аныкталды. Бул боюнча атайын ыкчам аракеттер жүргүзүлүп, бүгүн кылмышка шектүү катары А. аттуу жаран түнкү 03:00дө укук коргоо органдары тарабынан кармалган.
Автор: Мирлан Өмүралиев
Алдын ала маалыматтарга караганда, аталган жаран Тельман айылында жашаган коңшулары менен ичимдик ичип отурган. Кийин аны үч коңшусу ур-токмокко алып, сабап коюшкан. Буга ачууланган А. үч коңшусун жана алардын биринин аялын ТОЗ-66 мылтыгы менен атып салган. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин башчысы Батырканов Капар маалымат жыйынында бүгүн, 30-сентябрда билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:44
2025-06-26
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

Рейтинг:
0

Талкуудан алыс билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат.