super.kg logo
  Саясат  

Тармактык комитет керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоону жакшыртууга багытталган мыйзам долбоорун жактырды

 

Бүгүн, 30-сентябрда Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат комитети “КРнын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоорун карап, үчүнчү окууда жактырды. Мыйзам долбооруна ылайык, иштер жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн накталай жана накталай эмес эсептешүүлөрдүн ыкмаларын караштыруучу 4-беренеге толуктоо киргизилүүдө. Ошондой эле интернет аркылуу соода жүргүзүүнүн өнүгүүсүнө байланыштуу тиешелүү түзөтүүлөрдү киргизүү менен товарларды аралыкта сатууда керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча ченемдер каралган. 

“Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” мыйзамдын 17-беренесинде товардын кемчиликтеринин пайда болуу себептери жөнүндө талаш чыккан учурда сатуучу (даярдоочу) же аны менен келишимдин негизинде сатуучунун (даярдоочунун) милдетин аткаруучу тарабынан экспертиза жүргүзүүгө акы төлөө каралган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: