super.kg logo
  Саясат  

"Бюджеттин киреше булактарын “Кумтөр” менен эле эсептебеш керек" дейт Курманбек Дыйканбаев

 

"Бюджеттин киреше булактарын бир эле “Кумтөр” менен эсептей бербей, өкмөт Кара-Балтадагы “Жунда” ишканасынан, “Талды-Булак сол жээктен” алына турган кирешелерди да бюджет жүрүмүндө көңүлгө алыш керек",- деди депутат Курманбек Дыйканбаев.  Депутат бул тууралуу бүгүн, 30-сентябрда "Парламент" радиосунун түз берүүсүндө угармандардын кызыктырган суроолоруна жооп берип жатып айтты.

Дыйканбаев ошондой эле Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин демилгеси менен Бюджет кодексинин долбоору даярдалып, ал коомдук жана парламенттик угууларда кеңири талкуулангандыгына да токтолду. Андан тышкары коомчулукта “Кыргызстандын Бажы биримдигине кошулуу аракети кандай утуштарга алып келет?”дегендей олуттуу суроолор жаралып жатканда, бул багытта комитет дагы коомдук угуу өткөрүп, жол картаны дагы бир ирет тактоого алууну пландап жаткандыгын кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: