super.kg logo
  Саясат  

Депутаттар Балыкчы-Каракол унаа жолун этап-этабы менен оңдоо сунушун айтышты

 

Бүгүн, 30-сентябрда Каракол шаарында парламенттин Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш комитети көчмө жыйын өткөрүп, Балыкчы-Каракол жолун оңдоо маселесин карашты. Жолдорду тейлөө департаментинин башчысы Жумаш Соодонбаевдин айтымында, Балыкчы-Каракол жолу толугу менен оңдоону талап кылат. “Республикалык бюджеттин таңсыктыгынан улам аталган автожол бүгүнкү күнгө чейин капиталдык оңдоодон өткөрүлбөйт келет, болгону үстүртөн оңдоп-түзөп келебиз”,- дейт ал.

Комитет төрагасы Жусупали Исаев Транспорт министрлигине жолдорду реконструкциялоону этап-этабы менен жүргүзүү вариантын караштырууну сунуш кылды. Анын айтымында, мындай узундуктагы жолду калыбына келтирүүгө көп акча жумшалат, андыктан долбоорду белгилүү бир фазаларга бөлүү керек. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: