Токмокто 27 жаштагы айымды алысыраак тууганы бычак менен жарадар кылган
Токмокто 27 жаштагы айымды алысыраак тууганы бычак менен жарадар кылган. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 30-сентябрда билдирди.
Автор: Мирлан Өмүралиев
Маалыматтарга караганда, аймактык ооруканага Токмок шаарынын тургуну болгон айым бычактан жараат алгандыктан кайрылган. Бул тууралуу укук коргоо органдарына кабарланып, аз өтпөй 27 жаштагы айымдын алысыраак тууганы кылмышка шектүү катары кармалган.
Алдын ала маалыматтарга караганда, туугандардын ортосунда уруш чыгып, анда 27 жаштагы айымды алыскы тууганы бычак менен жарадар кылган. Учурда окуя боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:44
2025-06-26
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

Рейтинг:
0

Улууну улуу дебей, кичүүнү кичүү дебей, тууганды тууган дебей, сый кетип, каада кетип, нарк кетип калган заман болду го...