super.kg logo

Сары-Мойнок ашуусунда кар көчкүнүн алдында калган альпинисттин сөөгү табылды

 

Ысык-Көл облусунун Сары-Мойнок ашуусунда кар көчкү басып калган альпинисттин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен бүгүн, 1-октябрда кабарлашты.

Маалыматка караганда, 29-сентябрь күнү саат 17:00 чамасында Сары-Мойнок ашуусунда кар көчкү түшкөн. Ошол учурда 6 альпинист радиоантенна орнотуп жүрүшкөн. Кар көчкү Майрамбек Абдылдаевди басып калган. Дагы бир альпинист жабыркаган. Издөө иштерин жүргүзүүгө Каракол шаарынан 6, Бишкек шаарынан 10 адам чыккан. 

Айта кетсек, аталган ашуу Каракол шаарынан 140 чакырым, Кум-Төрдөн 30 чакырым алыстыкта жайгашкан. Ал аймак "Кумтөр" ишканасына караштуу. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: