super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев кыргыз элин Карылардын эл аралык күнү менен куттуктады

 

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев кыргызстандыктарды 1-октябрь - Карылардын эл аралык күнү менен куттуктады. Куттуктоодо булар айтылат: 

“Ардактуу ардагерлер, улуу муундун өкүлдөрү!

Жалпы кыргызстандыктардын атынан бардыгыңыздарды Карылардын эл аралык күнү менен чын дилимден куттуктайм! Улуу муундун турмуштук тажрыйбасы, сабырдуулугу жана кайраттуулугунун аркасында бүгүн биз тынчтыкта жана ынтымакта жашап жатабыз. Азыркы өлкөбүз сиздердин эмгек менен курулган. Сиздер мамлекетибиздин негизин түптөп, интеллектуалдык жана маданий көрөңгөсүн түздүңүздөр. Жаратман эмгегиңиздерге биз таазим этебиз! Биз сиздердин алдыңыздарда карыздарбыз. Сиздерге татыктуу карылыкты камсыз кылуу үчүн бардык күч-аракетти жумшоого тийишпиз. Бул биздин ыйык милдет. Сиздердин талыкпаган эмгек, кажыбаган кайрат, пайдалуу кеп-кеңешиңиздер биздин демибизге дем, күчүбүзгө күч кошуп турат.

Бардыгыңыздар ден соолукта болуп, бактылуу өмүр сүрүңүздөр. Ар дайым камкордукка, урмат-сыйга бөлөнүп жүрө бериңиздер!"






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: