Исмаил Исаков: "Оппозиция өкүлдөрүн жумуртка менен ургандардын артында Оштун мэри турушу мүмкүн"
“Оппозициянын өкүлдөрүн жумуртка менен ургандардын артында Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев турушу мүмкүн”,- деди депутат Исамаил Исаков. Депутат бул тууралуу бүгүн, 1-октябрда парламенттин жыйынында айтты.
Анын айтымында, Айтмамат Кадырбаевге жумуртка менен урууну уюштурганы үчүн кылмыш ишин козгош керек. “Ал жигит Курманбек Бакиевге кызмат кылып жүргөн жигит. 2010-жылы 10-майда Оштун мэриясын басып алганда көчүгүнө тээп кууп чыккам. Ошто оппозиция өкүлдөрүнө жумуртка урууга ушул аралашкан болушу мүмкүн. Муну териштирип, Кадырбаевди камаш керек”,- дейт Исаков.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















