Бишкекте эки достун ортосунда уруш чыгып, бири экинчисин атып салды
Бишкекте эки достун ортосунда уруш чыгып, бири экинчисин атып салды. Бул тууралуу бүгүн, 1-октябрда күч органдарынан билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя кечээ, 30-сентябрь күнү саат 23:00 чамасында болгон. Анда 1979-жылы туулган Жаныбек дос балдары менен Рыскулов көчөсүндөгү кафелердин биринде отурган. Кийин Сүйүнбек аттуу досу экөөнүн ортосунда уруш чыгып, ал Жаныбекти ок атуучу курал менен эки жолу аткан. Мындан улам жабыркаган жаран ооруканага жеткирилген. Ал эми кылмышка шектүү из жашырып качып кеткен. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:44
2025-06-26
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

Рейтинг:
0

Жалаң баш тамгалар менен жазууга тыюу салынат.