super.kg logo

Тогуз-Торо районундагы Каргалык айыл өкмөтүнүн кызмат адамдарына кылмыш иши козголду

 

Тогуз-Торо районундагы Каргалык айыл өкмөтүнүн кызмат адамдарына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы бүгүн, 1-октябрда билдирди.

Маалыматка караганда, аталган айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары 2010-2014-жылдар аралыгында айыл чарбага керектүү 64 гектар жер тилкесин турак жай куруу үчүн жеке жактарга мыйзамсыз беришкен. Ошол эле учурда бул көрүнүш мыйзамсыз экенин билип туруп, аталган райондун жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө болгон укукту каттоо боюнча башкармалыгынын кызмат адамдары жеке менчик укугу боюнча мамлекеттик акт беришкен. Учурда “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” жана “КРнын жер мыйзамдарын бузуу” беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: