super.kg logo

MegaCom кезектеги футболдук аянтчаны ОшМУга куруп берди

 

Ош мамлекеттик университетинин аймагында «MegaCom спорт, сергек жашоо жана келечектеги чемпиондор үчүн!» деген ураандын алдында футбол аянтчасы ачылып, кичи футбол боюнча турнир өткөрүлдү. 

Футбол аянтчасы Ош мамлекеттик университетинин жетекчилигинин демилгеси жана мобилдик оператор менен тыгыз кызматташтыкта курулган. Аянты 800 чарчы метр болгон футбол аянтчасы курчалып жана жашыл килемдей кубулган жасалма газон төшөлгөн. MegaCom`дун колдоосу менен буга чейин футбол аянтчалары Каракол жана Баткен шаарларында курулуп, пайдаланууга берилсе, Таластагы шаардык стадион уюлдук оператордун колдоосу менен оңдолуп-түзөлгөн. 

Футболдук аянтчанын ачылышы кызыл тасма кесүү менен башталып, бул аземге Ош университетинин ректору Каныбек Исаков жана MegaCom компаниясынын Ош аймактык бөлүмүнүн директору Улан Мурадилов катышты. Өз кезегинде турнирдин катышуучуларына куттуктоо сөзүн жолдоп, ийгиликтерди жана жеңиштерди каалап кеткен Улан Мурадилов «MegaCom компаниясы бардыгын, жаштар, сиздер үчүн жасайт» деп белгиледи. Ошондой эле бул футболдук аянтчанын компаниянын «Megaфутбол» корпоративдик-социалдык долбоорунун алкагында ачылган 4-футболдук аянтча экендигин жана мобилдик оператор тарабынан уюштурулган футболдук турнирдин 8-жолу өткөрүлүп жаткандыгын кошумчалай кетти.

Ош шаарында пайда болгон спорт аянтчасынын ачылышын утурлай келген бий топтору жана эстрада ырчылары чогулгандарга өзгөчө маанай тартуулап жатышты. MegaCom тарабынан даярдалган бул иш-чараны майрамдык шаңга бөлөгөн «Наз-Деми» тобунун кыздары кыргыз бийин чимириле бийлешсе, кыргыз эстрада жылдыздары Курал Чокоев жана Мирбек Атабеков спортчуларды жана алардын күйөрмандарын бийге тартып жатышты.

Кыргызстандын алдынкы компанияларынын арасында кичи футбол боюнча өткөрүлгөн турнир кечке чейин уланып, беттешүүлөрдүн жыйынтыгында жеңүүчү болуп «Газпромнефть Азия» командасы табылса, экинчи орунду ОшМУ курама командасы, үчүнчү орунду «Интек» ЖЧКсынын командасы ээледи. Мындан тышкары төмөнкү номинациялар боюнча табылган мыкты оюнчуларга өзгөчө белектер тартууланды: «Мыкты гол» - Тынчтык Батыров ("Абдыш-Ата"), «Мыкты дарбазачы» - Тахир Газыев (Чек ара кызматы), «Мыкты коргоочу» - Рахматилло Абдуллаев ("Газпромнефть Азия"), «Турнирдин мыкты оюнчусу» - Илимбек Мамытов («Манас» Эл аралык аэропорту), «Мыкты бомбардир» - Хикматилло Рашидов (ОшМУ), «Мыкты чабуулчу» - Мухамед Сыдыков («Интек» ЖЧК). Турнирдин жеңүүчүлөрүнө MegaCom компаниясынан баалуу белектер, кубоктор жана дипломдор тапшырылды. Турнир тууралуу толук фотобаянды компаниянын Facebook`тагы расмий баракчасынан көрүүгө болот. MegaCom спортту өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорго өзгөчө көңүл бөлүп, кыргызстандык спортчуларды ар тараптуу колдоп, спорт менен машыгууга ыңгайлуулуктарды түзүп келет.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
01.10.2014. 14:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
юго-восток жака курулду беле
01.10.2014. 14:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
мега молодцы))

01.10.2014. 14:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодцы, по больше бы таких компаний в Кыргызстане.
01.10.2014. 14:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы жакшы, эми билайн куруп берсе башка районго нормально болот! бирок билайн курбайт. Ошка куруш керек Ошко, бирок Ошка да курбайт.
01.10.2014. 14:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Я постоянно читаю разные статьи, про то, что компания Мегаком в разных областях строят спорт комплексы, и это очень большой плюс и пример многим компаниям которые есть в Кыргызстане.
Хорошо было бы, если и другие компании думали и о народе Кыргызстана. За что можно благодарить компанию Мегаком.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: