super.kg logo

“Электр энергиясынын кымбаттоосу боюнча сотко кайрылуу катардагы жарандын эмес, парламенттеги депутаттын иши” дейт коомдук ишмер

 

“Электр энергиясынын кымбаттоосу боюнча сотко арыз жазуу катардагы жарандардын эмес, парламентте отурган депутаттардын иши болчу” деп билдирди бүгүн, 1-октябрда маалымат жыйынынын жүрүшүндө коомдук ишмер Манас Султанов.

Анын айтымында, электр энергиясына болгон баанын мыйзамсыз көтөрүлүүсү боюнча депутаттар тараптан сотко кайрылуу болгон эмес. Бул депутаттардын элди эмес, өзүлөрүн ойлогонунан кабар берет. “Түркмөнстанда электр энергиясы үчүн болгон баа 16 тыйын болсо, Өзбекстанда 35 тыйын. Ал эми Казакстанда эл электр энергиясы үчүн 1 сомдон 4 сомго чейин төлөйт. Биздин бийлик бул тармактагы коррупцияны жойбой туруп, элди эки ирет кыжалат кылып жатат. Же электр энергиясынын сапаты жогорулабаса, же өзүнүн анык баасы кымбаттабаса деле биздикилер бааны көтөрүп жатышат. “Бизде эң төмөн баа” деп эле элди алдай берген болбойт. Депутаттарды да бул маселеге көңүл бурууга чакырам”,- деди ал.

Кошумчалай кетсек, жакында Бишкек шаардык райондор аралык соту электр энергиясынын баасын көтөрүү боюнча өкмөттүн токтомун жокко чыгарган эле. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
01.10.2014. 14:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Депутаттардын командировкадан колдору бошобой жатпайбы.Шайлоо жакындап калганда бошоп калар.Элди эмнеге ойлойт алар.Парламенттик республика деп элди алдап,оздору учун жашап жатышат.Болбосо мындай суроолорду мамлекетке откоруп бермек эмес.Президенттин 2010 жылы айткан созу бар,электр энергиясына болгон баа которулбойт деп.Депутаттар Президентти чакырып сурашы керек болчу.А булар колдору бошобой,командировкадан...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: