super.kg logo
  Саясат  

Санитардык-гигиеналык талаптарды сактабагандарга айып пулдун көлөмү көтөрүлөт

 

Бүгүн, 1-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында “КРнын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору каралды. Мыйзам долбоорун депутат Дамира Ниязалиева алып чыкты. Ниязалиеванын айтымында, мыйзам долбоору акыркы учурларда республикада тамак-аштан уулануу, инфекциялык оорулар, ВИЧ жана башка илдеттер көбөйүп кеткендигинен улам сунушталууда. Мындай терс көрүнүштөр сапатсыз азык-түлүк жана ичүүчү сууну пайдалануунун, күбөлөндүрүүсү жок адамдарды ишке алуунун, санитардык-гигиеналык жана эпидемияга каршы талаптарды калктын ден соолугу үчүн потенциалдуу коркунуч туудурган ооруканалык манипуляциялардын аткарылышын сактабай коюудан келип чыгат. Ал эми азыркы учурда мамлекеттик айып пулдун орточо көлөмү 100 сомдон 2000 сомго чейин. Айып пулдун көлөмүн жогорулатуу менен Коомдук саламаттык сактоо кызматынын ишмердигинин жоопкерчилиги күчөтүлөт.

Талкууда депутат Исмаил Исаков калктын саламаттыгына залал келтирүүчү мындай жагдайларга административдик айып пулдардын көлөмүн дагы жогорулатууну сунуш кылды. Депутаттар сунушту эске алуу менен мыйзам долбоору 2-окууда добуш берүүгө жолдонду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: