"Милицияда иштегендердин айлыгы машинасынан артпаса, анан кайдагы адилеттүүлүк?" дейт спикер Жээнбеков
Жогорку Кеңештин 1-октябрдагы жыйынында төрага Асылбек Жээнбеков ички иштер министри болуп шайланган Мелис Турганбаевге бир катар сунуштарын айтты. Парламент жетекчиси таза, криминалга аралашпаган милиция кызматкерлерин жооптуу кызматтарга коюу зарыл экенин белгилейт. "Мамлекеттүүлүктүн өзөгүнүн кармалып турушунда милиция кызматкерлеринин салымы бар. ИИМ жетекчилиги ички резервдерди таап, кызматкерлердин айлык акысын көтөрүү жагын караштырышы абзел. Жакшы эмгек акы алган шартта милиция кызматкерлеринин сапаты артат, жакшы айлыкка гана адилеттүү милиция кура алабыз. 7-8-10 миң сом алган милиционердин маянасы машинанын чыгымынан ашпаса, анан кайдагы адилеттүүлүк?"- дейт төрага.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

