Депутаттар Бишкекте сөөктү көмүү үчүн жер тилкелери 100 миң сомго чейин чыгып жатканын айтышты
Бишкекте каза болгон адамдардын сөөгүн көмүү үчүн жер тилкесинин баасы 20-50 миң, айрым жерлерде 100 миң сомго чейин чыгууда. Бул тууралуу депутаттар парламенттин 1-октябрдагы жыйынында айтышты. Жогорку Кеңеште “Сөөктү көмүү жана сөөктү коюу иши жөнүндө” мыйзам долбоору талкууланды.
Бишкек шаарынын вице-мэри Марс Саккараев депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып: “Бишкекте сөөк коюу кызматынын баасы 3400 сомдон 4400 сомго чейин турат. Ал эми көмүүдө бул иш менен алектенип жүргөндөр өздөрү каалагандай бааны коюшат”,- деп билдирди.
Айрым депутаттар вице-мэрдин жообу ынандырбай турганын айтышты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

