super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңештин депутаттары Коргоо министрлигин жоюп салууну сунушташты

 
Жогорку Кеңештин 1-октябрдагы жыйынында "Коргоо жана КРнын Куралдуу күчтөрү жөнүндө” КРнын мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору депутаттардын кызуу талкуусуна түштү. Мыйзам Коргоо министрлиги менен Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын ыйгарым укуктарын бөлүштүрүүгө багытталган. Демилгечи депутат Исмаил Исаков: "Бул эң туура демилге деп айта алам. Коргоо министрлиги армиянын каржы маселелерин чечет, саясат жүргүзөт. Анын негизинде Башкы штаб өз ишин жүргүзөт, аскерлерди согушка даярдайт. Мындай тажрыйба Түркияда колдонулуп жатат",- деп билдирди. 
Депутаттар мыйзамдагы "Башкы штаб Коргоо министрлигине баш ийбейт" деген нормага каршы чыгышууда. 
"Бул баш аламандыкка алып барат. Башкы штаб Коргоо министрлигине баш ийбесе, башкы кол башчы президент болсо, анда коргоо министри завхоздун кызматын аткарып калат турбайбы? Бул туура эмес, муну өзүңүз деле түшүнүп турасыз. Эгер сиз коргоо министри болуп турганда ушундай мыйзам сунушталып калса, иштебей кетип калат болчусуз. Эгер бул мыйзамды кабыл ала турган болсок, анда Коргоо министрлигин жоюп салалы",- деди депутат Анарбек Калматов
Мыйзам долбоору экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: