Инчхон-2014: 3 кыргызстандык балбан коло медаль үчүн күрөшөт

Инчхон шаарында өтүп жаткан Азия оюндарынын алкагында грек-рим күрөшү боюнча 3 кыргызстандык балбан түрдүү салмак категорияларында коло медаль үчүн күрөшмөкчү. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты кабарлайт.
Маалыматка ылайык, 75 килограмм салмакта биринчи беттешин уттуруп жиберген Самат Шырдаков Казакстандын өкүлү Досжан Кортиков менен коло медаль талашмакчы. Ошондой эле 85 килограмм салмакта Азат Бейшебеков ирандык балбан менен кез келсе, 130 килограмм салмакта Мурат Рамонов дагы Ирандын өкүлү Дарзи Башир менен кармашат.
Кошумчалай кетсек, жарым чейрек финалда утулуп калган кыргызстандык балбан Руслан Царев медалдан куру калды. Бул Русланды уткан ирандык Афшин Баябангарддын финалга жетпей калганы менен байланыштуу.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.