Бүгүн Бишкекте 16 кытай жараны милиция кызматкерин сабап салышты



Бишкекте Кытай Эл Республикасынын 16 жараны милиция кызматкерин сабап салышты. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинен бүгүн, 1-октябрда билдиришти.
Маалыматтарга караганда, бүгүн тоноочулук боюнча түшкөн арыздын негизинде аймактык милиция кызматкери Фрунзе жана Үмөталиев көчөлөрүнүн кесилишине барган. Ал жактан курулушта иштеген кытайлык жарандардын бири коомдук жайда тартип бузуп жаткандыгын байкап, аймактык милиция кызматкери ага эскертүү берген. Бирок экөөнүн ортосунда уруш келип чыгып, курулушта иштеген башка кызматкерлер да милиция кызматкерин ур-токмокко алып башташкан. Кытайлык жарандардын бул учурда мас экендиктери байкалган. Алар милиция кызматкерин арачалап калмакчы болгон жаранды да сабап салышкан. Алдын ала маалыматтарга караганда, аймактык милиция кызматкерин кытай жарандары бир топ убакытка кармап отурушкан. Кийин укук коргоо органдары келип, тартип бузгандар Ленин РИИБине жеткирилди. Учурда окуянын чоо-жайы иликтенип жатат.

Качан онолоор экенбиз Кыргыз элим.
Кимдир бирөөнү кемсинтип, мазактоого тыюу салынат.
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
Ар бир колдонуучу өз ой-пикирин жазганга укуктуу, бирок порталдын эрежелеринин негизинде гана.
Биз демократиялык мамлекетте жашап жатканыбызга да кээде ишенбей кетем. Мына коробуз бул кытайларды да эч нерсе кыла албайт биздин бийилик себеби алардын устунон бир депутат турган болот.
ХХХ ХХХ ХХХ...
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
Ар бир колдонуучу өз ой-пикирин жазганга укуктуу, бирок порталдын эрежелеринин негизинде гана.
Түшүнүксүз комментарийиңиз өчүрүлдү.
Россия, Казахстанда милиция туура эмес болгон кундо да милицияга тыштан келген мигранттар кол которуп корсун эле, энесинин уч коргонун корушот...
Элестетип коргулочу Казахстандын же Россиянын милиция кызматкерине кол которушсо кандай болот, Кыргызстанда кандай болууда... Бул биринчи иницидент эмес, к
Башкалардын улутун, динин жана башка нерселерин кемсинткен билдирүүлөргө тыюу салынат.