Инчхон-2014: Балбандар Азат Бейшебеков менен Мурат Рамонов коло медаль үчүн болгон беттештеринде ирандыктарга утулуп калышты

“Инчхон-2014” Азия оюндарынын алкагында грек-рим
күрөшү боюнча ойнотулуп жаткан медалдарга кыргызстандык балбан Азат Бейшебеков илинбей
калды. Ал 85 килограмм салмакта коло медаль үчүн болгон беттеште Ирандын өкүлү Каримфар
Можтабага утулуп калды. Ал эми 130 килограмм салмакта күрөшкөн Мурат Рамонов дагы Ирандын өкүлүнө туш болуп, 3:1 эсебинде жеңилип калды. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты кабарлайт.
Автор: Максат Кудайбердиев
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
-1

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.