Валерий Диль авиациялык колледжде окуп жаткандарга "асман катачылыкты кечирбейт" деди
Вице-премьер-министр Валерий Диль И.Абдраимов атындагы авиациялык колледж менен таанышып чыкты. Окуу жайдын материалдык-техникалык базасын көргөн өкмөт өкүлү окутуучуларга, ал жерде билим алып жаткандарга буларды айтты: "Учкучтун, борт инженеринин, борт механигинин кесиби - чоң жоопкерчилик. Билимдин зарылдыгын эске алып, учуулардын коопсуздугу үчүн жакшы окушуңар керек. Асман катачылыкты кечирбейт. Ошондуктан окугула, силерге ишенип каттамга чыккан жарандарды ойлогула".
Колледждин директору Рахимжан Абдраимовдун айтымында, учурда окуу жайда 7 багыт боюнча 400 адис даярдалууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
2

