Кыргызстанда пенсиялар көтөрүлдү
Кыргызстанда бүгүн, 1-октябрда пенсиялардын камсыздандыруу бөлүгү көтөрүлдү. Тийиштүү токтомго премьер-министр Жоомарт Оторбаев кол койгонун өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады. Документ өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
- 2014-жылдын 1-октябрынан баштап бул мезгилге чейин дайындалган пенсиялардын камсыздандыруу бөлүгүн 250 сомго жогорулатуу;
- 2014-жылдын 1-октябрынан баштап 1-топтогу майыптык боюнча пенсияларды, кошумча акы жана компенсациялык төлөмдөрдү эске алуу менен жогорулатуу.
"Эсептөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча, пенсиянын орточо көлөмү 4600 сомду түзөт. Негизинен пенсионерлер пенсияларын 250 сомго көбөйтүлгөн түрдө алышат",- деп билдирет өкмөттүн басма сөз кызматы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

