super.kg logo
  Спорт  

Чемпиондор Лигасында “Ливерпуль” менен “Ювентус” футболдук клубдары жеңилүүгө туш болушту

 
"Базель" клубу "Ливерпулду" утуп алды.
"Монако" менен "Зенит" айыгышкан беттеш өткөрүшкөнү менен, гол жарата алышкан жок.
"Монако" менен "Зенит" айыгышкан беттеш өткөрүшкөнү менен, гол жарата алышкан жок.
"Боруссиянын" оюнчулары Чиро Иммобиле менен Пьер-Эмерик Обамеянг...
“Лудогорец” клубунун оюнчулары "Реалга" каршы оюнда эсепти ачышты.
Криштиану Роналду алгач пенальтиден гол жарата алган эмес. Экинчи мүмкүнчүлүктү ал коё берген жок.
"Байердин" оюнчулары
"Арсеналдын" оюнчулары Месут Өзил менен Алексис Санчес "Галатасарайга" киргизилген кезектеги голду белгилешүүдө.
"Атлетиконун" оюнчулары
Арда Туран "Атлетикого" жеңиш алып келген голду жаратты.
"Мальмё" клубунун жеңишин камсыздаган голдордун автору Маркус Розенберг.

1-октябрдан 2-октябрга караган түнү Европадагы беделдүү футболдук мелдештердин бири УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын 2-тур оюндары орун алды. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты кабарлайт.

Маалыматка ылайык, анда англиялык “Ливерпуль” Швейцариянын “Базель” клубуна конокто 1:0 эсебинде утулуп калды. Ушундай эле эсеп катыштыгында италиялык “Ювентус” өткөн жылдагы финалчы “Атлетикого” Мадрид шаарында жеңилди.

А” тайпасы

Атлетико (Испания) – Ювентус (Италия) – 1:0

Гол: Арда Туран (75-мүнөттө)

Мальмё” (Швеция) – Олимпиакос (Греция) – 2:0

Голдор: Маркус Розенберг (42-мүнөттө), Маркус Розенберг (82-мүнөттө).

 

“В” тайпасы

Базель (Швейцария) – Ливерпуль (Англия) – 1:0

Гол: Марко Штреллер (52-мүнөттө).

Лудогорец (Болгария) – Реал (Испания) – 1:2

Голдор: Марселиньо (6-мүнөттө), Криштиану Роналду (24-мүнөттө пенальтиден), Карим Бензема (77-мүнөттө).

 

“С” тайпасы

Зенит (Орусия) – Монако (Франция) – 0:0

Байер (Германия) – Бенфика (Португалия) – 3:1

Голдор: Штефан Кисслинг (25-мүнөттө), Сон Хюн Мин (34-мүнөттө), Эдуардо Сальвио (62-мүнөттө), Хакан Чалханоглу (63-мүнөттө пенальтиден).

 

D” тайпасы

Арсенал (Англия) – Галатасарай (Түркия) – 4:1

Голдор: Дэнни Уэлбек (22-мүнөттө), Дэнни Уэлбек (30-мүнөттө), Алексис Санчес (41-мүнөттө), Дэнни Уэлбек (52-мүнөттө), Бурак Йылмаз (63-мүнөттө).

Андерлехт (Бельгия) – Боруссия (Дортмунд, Германия) – 0:3

Голдор: Чиро Иммобиле (3-мүнөттө), Адриан Рамос (69-мүнөттө), Адриан Рамос (79-мүнөттө). 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: