"Таластыктардын настроениеси носкиге түшүп кетти" дейт депутат Жумабеков
Жогорку Кеңештин 2-октябрдагы жыйынында депутат Дастан Жумабеков Талас облусундагы дыйканчылык кырдаал боюнча өкмөткө сунуш айтты. Депутат төө буурчак айдаган дыйкандардын мээнети текке кетип жатканын айтат. "Облустагы дыйкандардын маанайы жок. Жайында суу жок болуп кыйналганы аз келгенсип, эми жамгыр жаап төө буурчактарын жыйноого тоскоол болуп жатат. Өкмөт аларга жардам бериши керек. Мен облуста болдум, мындайча айтканда, элдин настроениеси носкиге түшүп кеткен",- дейт депутат.
Автор: Автандил Добулбеков
Жумабеков Чаткалдагы компаниядан 5 килограмм алтындын уурдалышы боюнча өкмөт маалымат бербей жатканын кошумчалады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

